28-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз 4…9;
Талас жергесинде түнкүсүн -8...-13, күндүз 3…8;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 5…10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;
Нарында түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -24…-29, күндүз -5…-10 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11, күндүз 5…7 градус.