Кыргызстанда балдарга карата зомбулукту алдын алуу максатында 504 штаб түзүлгөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин 26-февралда өткөн жыйынында айтылды.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бул багытта атайын түзүлгөн мекеме аралык эксперттик топ да иштеп жатат.
Жыйында зомбулукка каршы күрөшүү жалаң гана милициянын милдети эмес экени, жергиликтүү бийлик, үй-бүлө мүчөлөрү өзүлөрү да аракет кылышы керектиги айтылды.
Укук коргоочулардын айтымында, 2019-2020-жылдары ага чейинки жылдарга караганда балдарга карата зордук-зомбулук Кыргызстанда дээрлик 50% көбөйгөн. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2020-жылы ата-энеси мигрант болуп башка өлкөгө кеткен 6 миңдей бала эч тууганчылыгы жок адамдардын колунда жашап жатканын билдирген. (RK)
Дагы караңыз
АКШ чалгыны: Сауд канзаадасы журналист Хашогжинин өлтүрүлүшүн колдогонИлимдер академиясынын орду жана салмагы“Өзбекстан темир жолдору” компаниясы "Азаттыктын" өзбек кызматынын иликтөөсүн негизсиз деп төгүндөдүКечээ эле жайдак айыл болчу...Байден: АКШ Орусиянын Крымды каратып алышын эч качан тааныбайтКыргызстан | Жаңылыктар (26.02.2021) "Бүгүн Азаттыкта"