Улукбек Марипов ЕККУнун Бишкектеги өкүлү Пьер фон Арксты сыйлады

ЕККУнун Бишкектеги өкүлү Пьер фон Аркска (солдо) өкмөт башчы Улукбек Марипов (оңдо) "Ардак грамота" тапшырууда. Бишкек. 2021-жылдын 26-февралы.

Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги өкүлү Пьер фон Арксты өкмөттүн "Ардак грамотасы" менен сыйлады. Сыйлык элчиге "Кыргызстандагы коопсуздук, экономика жана билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон бараандуу салымы үчүн" берилди.

Ардак барак Пьер фон Аркс ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлү катары миссиясы аяктаганына байланыштуу өкмөт башчы менен жолугушкан маалда тапшырылды.

Тараптар Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыкты талкуулап, алдыдагы шайлоолор, санариптештирүү, мамлекеттик башкарууну реформалоо жөнүндө сүйлөштү.

Элчи ЕККУ уюму кыргыз өкмөтү менен жемиштүү кызматташууга даярдыгын кошумчалады.

ЕККУ Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери кызматташып келе жатат. Уюмдун Бишкектеги кеңсеси коопсуздук, анын ичинде трансулуттук коркунучтар (адам сатуу жана терроризм), укук коргоо органдарына көмөктөшүү, ошондой эле экономикалык жана экологиялык багыттарда иштейт. (ZKo)

Дагы караңыз

Дин комиссиясы: Ажылык сапардын акчасы боюнча арыздар 1,5 жыл мурда түшө баштаганБишкек-Ош жолунда кар көчкү атып түшүрүлдүБишкектеги бала бакчалар менен мектептер 1-мартта ачылбайтАрмения: оппозиция менен премьердин тирешиОшто экстремизмге шектелип эки адам кармалдыБылтыр Кыргызстанда 68 судья тартип жоопкерчилигине тартылганАрмениянын армиясы Пашинянды коркуттуЕврошаркет менен НАТОнун жетекчиси коопсуздукту талкуулап жататОлимпиадалык резерв окуу жайын Каныбек Сагынбаев жетектейт