Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда бүгүн, 26-февралда жүздөн ашуун автоунаа бир нече саат токтоп турду.
Ушул тапта ашууда турган кабарчыбыз маалымдагандай, Бишкек-Ош магистралындагы кыймылга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жол боюндагы тоолордон кар көчкү атып түшүрүлүп жатканына байланыштуу убактылуу чектөө киргизилген.
Саат 18:30га карай көчкү атуу иши аяктап, жолго түшкөн кар күрткүлөрү тазаланып, кыймыл улана баштаган.
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкек-Ош кара жолу 25-февралда саат 22:00дөн баштап, таңкы 06:00гө чейин убактылуу жабылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) бул магистралдагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол тыгындарынын алдын алуу максатында ишке ашырылып жатканын маалымдаган.
ӨКМ жана Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы зарыл жумушу жокторду тоолуу аймактарга чыкпоого чакырган.(AiA/ZKo)
Дагы караңыз
Ошто экстремизмге шектелип эки адам кармалдыБылтыр Кыргызстанда 68 судья тартип жоопкерчилигине тартылганИнвестор “Кайыңды кабель заводу” боюнча журналисттик иликтөөгө жооп берди Армениянын армиясы Пашинянды коркуттуЕврошаркет менен НАТОнун жетекчиси коопсуздукту талкуулап жататБишкекте Эл артисти Токтоналы Сейталиевдин тажиясы өттүHuman Rights Watch уюму Садыр Жапаровго адам укуктарын эске салган кат жолдоду Олимпиадалык резерв окуу жайын Каныбек Сагынбаев жетектейтКөйнөкчөн окуучулардын жанындагы пальточон аткаминерлердин сүрөтү талкуу жараттыАлматыдагы Кытайдын консулдугунун алдына пикетке чыккан казакстандык 10 суткага камалдыКыргызстан Орусиядан учкучсуз учактарды жана зениттик ракеталарды алатАКШ Сириядагы козголоңчулардын объекттерине сокку урду