Олимпиадалык резерв окуу жайын Каныбек Сагынбаев жетектейт

Каныбек Сагынбаевди (оңдо) окуу жайдын жамаатына тааныштыруу учуру. Бишкек шаары. 2021-жыл 26-февраль (сүрөт мэрияга таандык)

Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резерв окуу жайынын жетекчилигине белгилүү бильярдчы, дүйнөнүн үч жолку (2007, 2010, 2014-жылдардагы) чемпиону Каныбек Сагынбаев дайындалды.

Аны мектептин эмгек жамаатына Бишкектин дене тарбия жана спорт башкармалыгынын директору Нурлан Токоноев тааныштырды.

Мурда бул кызматты Айша Карымшакова ээлеп турган.

Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайында жалпы 400 бала билим алат.(ZKo)

Дагы караңыз

Алматыдагы Кытайдын консулдугунун алдына пикетке чыккан казакстандык 10 суткага камалдыКыргызстан Орусиядан учкучсуз учактарды жана зениттик ракеталарды алатHuman Rights Watch уюму Садыр Жапаровго адам укуктарын эске салган кат жолдоду АКШ Сириядагы козголоңчулардын объекттерине сокку урдуЖусупбекова: Мектептерге коррупциялык жол менен дайындалган директорлор барБишкекте түнкү клубдун ди-джейинин өлүмү иликтенип жатат1-марттан тартып 5 миңден ашуун кардардын электр кубаты өчүшү ыктымал