Баткенде көмүрдүн баасы түшкөн жок

Бишкектеги көмүр базары

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, өлкө боюнча көмүрдүн наркы 1,1% арзандап, орточо 51 сом 52 тыйынга түштү.

Бирок Баткен облусу менен Ноокат районунда көмүр кымбат бойдон калууда. Ноокатта бир тонна көмүр 7 914 сом, Баткенде 7 819 сом, Кара-Суу районунда 5 899 сомго сатылып жатат.

Эң арзан баа Жумгал районунун Чаек айылында катталып, 2500 сом болду. Нарында бир тонна көмүр 3500, Балыкчыда 3 694 сомго сатылып жатат.

Кыргызстанда көмүр казган ири Кара-Кече кени бар, андан тышкары Баткен облусунда бир катар майда шахталардан көмүр чыгат.

Мындан тышкары Казакстандан да көмүр импорттолот. (BCh)

Дагы караңыз

Армениянын армиясы Пашинянды коркуттуПашинян армияны «өз милдетин аткарууга» чакырдыМосква сапары: Экономика, миграция, вакцинаКобзев: Навальныйды белгисиз жакка чыгарып кетишти