Таиланддын полициясы Пхукет аралындагы кароосуз калган имараттардын биринен кыргыз жаранынын сөөгү асылган абалда табылганын кабарлады.
Бул тууралуу Chiang Rai Times басылмасы жазды.
Гезиттин маалыматына ылайык 28 жаштагы Адилет аттуу маркум кыргыз жараны болгон. Анын мойнунда жиптин тактары калган, күч колдонуунун белгилери аныкталган эмес. Учурда полиция иликтөө жүргүзүп жатканын билдирди. Ал жаран Таиландга эмне себептен барганы жөнүндө толук маалымат жок.
Учурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул кабар боюнча маалымат бере элек. (TSh)
Дагы караңыз
Нарында соцкызматкерлер зомбулук боюнча эки фактыны аныкташтыБишкек-Ош жолу жабылдыЖапаров “Мекенчил” партиясы парламенттик жана жергиликтүү шайлоолорго катышпай турганын билдирдиУКМК экс-депутат Шадиев боюнча АКШ элчилигине кайрылды