Кыргызстанда Орусиянын бир-эки банкынын өкүлчүлүктөрү ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 24-февралда Орусиядагы иш сапарынын алкагында Москвада кыргызстандыктар менен жолугушуусу учурунда айтты.
Жапаров билдиргендей бул маселени ал орус президенти Владимир Путин менен талкуулап, оң жооп алды:
“Владимир Владимирович менен сүйлөшкөндө мен ушул маселени көтөрдүм. Кыргызстанга Орусиянын банктарын ачууга сөз берди. Өкмөткө команда берип, банктары жакында ачылат Кыргызстанда. Бул мен көтөргөн маселе болду. Сурандым. Бир-эки банк ачыла турган болду”.
Жапаров менен жолугушууга катышкан кыргызстандыктар Орусиядагы банк карталары менен Кыргызстанга барганда банкоматтан акчасын чыгара албай кыйналарын айтышкан.
Кыргызстанда 23 коммерциялык банк бар. Миллиондон ашуун кыргызстандык чет мамлекеттерде эмгек мигранты болуп жүрүшөт, алардын көбү Орусияда. (RK)
Дагы караңыз
Болжурова: Биринчи айымга жакпай кызматтан кеткемНарында соцкызматкерлер зомбулук боюнча эки фактыны аныкташтыБишкек-Ош жолу жабылдыМомбеков: Кумтөр боюнча комиссия түзүлгөн сайын Кыргызстандын үлүшү азаюуда