Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкек-Ош кара жолу 25-февралда саат 22:00дөн баштап, таңкы 06:00гө чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Бул кадам магистралдагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол тыгындарын алдын алуу максатында ишке ашырылууда. ӨКМ Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө деп маалымдады. Бардык автоунааларга "Сосновка", Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун “Арал” өткөрмө бекеттеринде саат 22:00дөн тартып таңкы саат 06:00гө чейин чектөө киргизилет.
Буга чейин Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы зарыл жумушу жокторду тоолуу аймактарга чыкпоого чакырган.
"Кыргызгидромет" 25-февралда республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаап, жолдор тайгак болорун эскерткен. (TSh)
Дагы караңыз
Жапаров Москвада мекендештер менен "кара тизме" көйгөйүн талкууладыКыйноого кабылган жаранга мамлекет 50 миң сом кенемте төлөп бермей болду