Жапаров Москвада мекендештер менен "кара тизме" көйгөйүн талкуулады

Президент Садыр Жапаров менен Москва шаарында жолугушуунун катышуучулары. 2021-жылдын 24-февралы.

Орусиянын Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесине” кирип калган кыргызстандык мигранттарды андан чыгаруу жана айып пул сыяктуу же башка административдик чараларга алмаштыруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр улантылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 24-февралда Орусиядагы иш сапарынын алкагында Москвада мекендештер менен жолугушуусу учурунда айтты.

Жапаров жолугушууга катышкан кыргызстандыктарды ошол өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин так сактоого чакырып, эки мамлекет ортосундагы авиакаттамдарды көбөйтүү боюнча иш жүрүп жатканын, жакын арада маселе оңунан чечилерине үмүт бар экенин айтты.

Орусиядагы кыргызстандык мигранттарды социалдык жактан коргоо жана медициналык тейлөө маселесине токтолуп Жапаров буга чейин жетишилген натыйжага карабастан медициналык камсыздандыруу көйгөйү чечүүнү талап кылып жатканын белгиледи.

Президент диаспора өкүлдөрүнө Кыргызстанга көрсөтүп жаткан жардамы үчүн ыраазычылык айтты.

Жапаров Орусияга иш сапар менен 24-февралда барды. Путин баштаган жетекчилер менен бир катар жолугушуулар өттү.

Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн “кара тизмеге” кирген кыргызстандыктардын саны 2020-жылы 60 миң, 2017-жылы 100 миң адам болчу. (RK)