Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту «Кабарлар» маалымат агенттигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетованын бөгөт чарасын аныктады. Ага ылайык Мукамбетова 23-апрелге чейин үй камагына алынмай болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
23-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өлкөдөгү маалымат агенттиктердин биринин жетекчиси М. Ү. К. 84 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалганын кабарлаган. Мекеме агенттиктин жетекчиси Жазык кодексинин 203-беренеси менен (“Опузалап талап кылуу”) шектелип жатканын маалымдаган.
Маалыматта: "Кармалган айым агенттиктин сайтындагы видео тасманы алып салуу үчүн акча талап кылган. Тасмада мас абалында автоунаа айдап бара жаткан адамды Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери кармап, административдик айыпка тартуу учуру тартылган", - деп жазылган.
"Кабарлар" маалымат агенттигинин жетекчисинин үстүнөн УКМКга кайрылган доогер менен байланышууга мүмкүн болгон жок. (TSh/BCh)
Дагы караңыз
Путин: Орус тилинин Кыргызстандагы макамы маанилүүАКШ Конгрессинин өкүлдөрү Грузиянын оппозиция лидерин бошотууга чакырыштыРайымбек Матраимовдун ооруканага жатканы кабарлануудаСадыр Жапаров Москвада Владимир Путин менен жолугуудаМукамбетованын жакындары ал эч кимден акча талап кылбаганын билдирүүдө