23-февралда Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел Кытай бийликтерин Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча агенттигинин башчысы Мишел Бачелеттин Шинжаңга барып, мусулман азчылыктарынын басмырланышы тууралуу маалыматтарды жеринде иликтөөсүнө уруксат берүүгө чакырды.
Бул тууралуу Боррелл Женевадагы Адам укуктары боюнча кеңеште сүйлөп жатып, айтты. Андан мурда 22-февралдаКытайдын тышкы иштер министри Ваң И ошол эле кеңеште сүйлөп жатып Шинжаңдагы мусулман азчылыктарынын эркиндиги жана эмгек укуктары корголорун айтып, Бээжиндин аларга карата мамилесин адам укуктары жаатындагы "жаркын мисал" катары баалаган.
Кытайдын Шинжаң аймагында бери дегенде бир миллиондой киши, басымдуу көпчүлүгү уйгурлар «саясий-тарбиялоочу лагерлерде» азап тартып жатышкандыгын эл аралык уюмдар айтып келишет. Бээжин мындай дооматтарды четке кагып, ал жайларды «кесиптик билимге үйрөтүүчү борборлор» катары сыпаттайт.
Дагы караңыз
Канада парламенти: Кытайда уйгурлар геноцидге кабылууда АКШ Кытай боюнча аскердик стратегиясын карап чыгатТурсунай: Лагерде зордуктоого туш болдум