Эл аралык мунапыс уюму (AI) Алексей Навальныйды «абийир туткуну» деп мурда тааныган чечимин кайра артка кайтарып алды. Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча жетекчи орун басары Денис Кривошеевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда мындай чечимге келүүгө оппозициячыл саясатчынын 2000-жылдардын ортосунда жек көрүүчүлүк маанайдагы жасаган билдирүүлөрү себеп болду.
«Навальный коррупциянын бетин ачкан иликтөөлөрү, саясий активдүүлүгү жана Путиндин өкмөтүн сындаганы үчүн кесилди. Биз Навальныйга жана башкаларга жасалган адилетсиз мамилени токтотуу өнөктүгүн уланта беребиз,"-деп билдирди Amnesty International.
Кремлдин келишкис сынчысы Алексей Навальный 1 ай мурда Германиядагы дарылануудан кайтып келери менен кармалганда Эл аралык мунапыс уюму аны "абийир туткуну" деп атап, орус бийлигинин аракеттерин сынга алган.
44 жаштагы Алексей Навальныйдын камалышына каршы жүрүштөргө чыккан миңдеген адамдар кармалган болчу.
Дагы караңыз
Евробиримдик Орусияга санкция киргизүү маселесин талкуулайтМосква шаардык соту Навальныйга карата райсоттун өкүмүн күчүндө калтырдыАдам укуктары боюнча Европа соту Навальныйды тезинен бошотууну талап кылды