Бишкек-Ош жолу жүк ташуучу унааларга жабылды

Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү (2018-жыл). (Архивдик сүрөт)

Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу жүк ташуучу унаалардын Бишкек-Ош жолу менен жүрүүсүнө убактылуу тыюу салынат.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы (ЖКККК) маалымдагандай, жүк ташуучу унаалар бүгүн, 24-февралда саат 15:00 тартып 25-февраль күнү таңкы саат 5:00ке чейин "Сосновка" бекетинен ары коё берилбейт. Бул магистралдагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол тыгындарынын алдын алуу максатында ишке ашырылууда.

Ушундай эле чектөө Жалал-Абад облусундагы "Арал" бекетинде да киргизилет.

ЖКККК бардык айдоочулардан зарылчылык болбосо, аба ырайы турукташканча жолго чыкпай турууну өтүнүүдө.

23-февраль күнү Бишкек-Ош жолунда үч жерге кар көчкү түшкөн. Жалпы көлөмү 20 миң куб метрден ашуун кар көчкүнү тазалоо үчүн магистралдагы кыймылга убактылуу чектөө киргизилген. Көчкүдөн жабыркагандар жок.(ZKo)

Дагы караңыз

Чаткалда алтын кенин иштеткен компания боюнча комиссия түзүү сунушталдыЧет жакта соттолгон кыргыз жарандары 2 миңдей адам экени парламентте айтылдыCOVID-19: Акыркы суткада илдеттен 59 адам сакайдыПрезиденттин Москвага иш сапарында газды арзандатуу көтөрүлөтКумтөр боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссиянын макамын өзгөртүү сунушу талкууга коюлдуПрезидент Жапаров баштаган расмий делегация иш сапар менен Орусияга жөнөп кеттиКамчы Көлбаевдин бөгөт чарасы узартылдыУкраина «AstraZeneca» компаниясынын вакцинасын алуудаАКШда COVID-19дун курмандыктарын эскерүү үчүн беш күнгө туулар түшүрүлдүАрменияда оппозициянын каршылык акциясында бир нече киши кармалды