Дүйнөдөгү армиялардын абалына көз салган "Global Firepower" индекси боюнча Кыргызстандын куралдуу күчтөрү 139 өлкөнүн ичинен 93-орунда турат. Кыргызстан 2016-2017-жылдары бул рейтингде 108-тепкичте болчу.
Борбор Азиядагы беш өлкөнүн ичинен Кыргызстан төртүнчү орунда. Биринчи орунга Өзбекстандын армиясы чыкты. Куралдануу жана камсыздалышы жагынан өзбек армиясы дүйнөдө 51-орунда турат.
Экинчи орунда Казакстан, дүйнөдө 62-сапта турса, үчүнчү орунда Түркмөнстан, дүйнө боюнча 86-орунда, Тажикстандын армиясы дүйнөдө 99-орунда.
Бул индексти чыгарууда өлкөнүн ички дүң өнүмү, мамлекеттик карыз, аймагынын аянты, армиянын саны, резервдеги армиянын саны, куралданган техникасы сыяктуу бир нече факторлор каралат.
23-февраль - Совет доорунда Кызыл армиянын негизделген күнү катары майрамдалып келген. Кыргызстан эгемендик алган жылдардын башында бул күн майрамдардын тизмесинен чыгарылган. 2003-жылдан тарта кайрадан жылнаамада кызыл менен белгилене баштаган.
1992-жылы Кыргызстанда Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет түптөлгөн. Мамлекеттик чек ара кызматы 1999-жылы түзүлгөн. 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин бул орган Улуттук коопсуздук кызматынын курамына өткөрүлгөн. (BCh)
Дагы караңыз
Грузия парламенти Гарибашвилинин өкмөтүнө ишеним көрсөттүАКШ Палестина мамлекетин түзүүнү жактайтӨзбек жаштары атеист аталгысы келбейтӨзбек жаштары атеист аталгысы келбейтАКШ өзөктүк келишимди "чыңдоого" умтулган чакта, Иран өз талабын күчөттү