Бишкекте эки оорукана Дүйнөлүк банктын эсебинен оңдолду

Бишкектеги жаңы инфекциялык оорукананын курулушу.

Бишкектеги эки оорукананын имараты Дүйнөлүк банк бөлгөн каражаттын эсебинен оңдолуп бүттү.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Ооруканалардын ремонту "COVID-19 инфекциясына чукул даярдануу" долбоорунун алкагында ишке ашты.

2020-жылы коронавирус күчөп турган маалда бейтаптарды кабыл алган Улуттук госпиталдын имараты жаңыланды. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун реанимация, патология бөлүмдөрү оңдолду.

Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб 19-февралда жыйын өткөрүп, ооруга чалдыккандарды дарылай турган 3500 керебет жана реанимациялык 500 орун даярдоо чечимин кабыл алган.

Өлкөдө вирустан 1458 адам каза болду. 85 929 адамга оору жугуп, 82803 адам айыкты. 409 бейтап дарыланууда. (BCh)

Дагы караңыз

Грузия парламенти Гарибашвилинин өкмөтүнө ишеним көрсөттүАКШ Палестина мамлекетин түзүүнү жактайтӨзбек жаштары атеист аталгысы келбейтӨзбек жаштары атеист аталгысы келбейтАКШ өзөктүк келишимди "чыңдоого" умтулган чакта, Иран өз талабын күчөттүӨкмөт Матраимовдун "Эльдорадосун" калкты тейлөөчү борборго айлантат