Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, бул илдеттен 47 адам айыкты жана алардын төртөө медицина кызматкерлери.
22-февралда 44 адам коронавирус илдетине чалдыкканы лабораториялык жол менен тастыкталды. Акыркы суткада оорудан көз жумгандар катталган жок.
Ушул тапта стационарда 409 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 10 адамдын абалы канааттандырарлык, 275 адамдын абалы орто оор, 101 адамдын абалы оор, 23 адамдын абалы өтө оор абалда деп бааланууда.
COVID-19 вирусу алгач аныкталган былтыр март айынан бери Кыргызстанда 85 929 адам ооруга чалдыгып, 82 803 киши айыкты. Илдеттен көз жумгандардын саны 1458 адамга жетти.(ZKo)
Дагы караңыз
Тажикстанда кармалып тургандардын жакындары митингге чыгыштыДепутат Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болдуМьянмада аскердик бийликке каршы демонстрацияда эки киши көз жумдуКриминалды бийликке аралаштырбоо аракетиЖергиликтүү кеңешти шайлоодо биринчи жолу дебаттар болотӨзбекстанда күн сайын 70 киши эмделет деп күтүлүүдө"Биримдик - көп түрдүүлүктө" аттуу жаштардын форуму өтүүдөАба булгануусу боюнча Бишкек жыйырманчы сапта