Украин бийлиги Орусиянын бир катар ишканаларын жана алардын жетекчилерин “кара тизмеге” киргизди. Андагы ишкананын ичинде спорттук товарлардын “Спорт мастер” тармагы жана анын ээси да бар. Санкция аталган ишканалардын товарларын өлкө аймагында сатууга жана транзит аркылуу алып өтүүгө тыюу салат.
“Кара тизмеге” ошондой эле орусиялык "БИОТЭК" фармацевтикалык холдинги, Севастополдогу мамлекеттик университет, мунай иштетүүчү завод жана башка ишканалар кирди. Булардын көпчүлүгү украиналык саясатчы Виктор Медведчук менен анын жубайы Оксана Марченкого таандык. Жубайлардын өздөрү да “кара тизмеге” киргизилген.
Орус президенти Владимир Путиндин жакыны катары саналган Медведчуктун “кара тизмеге” киргизилишин АКШ колдоого алган. Расмий Вашингтон Медведчукту 2014-жылы эле Украинанын бүтүндүгүнө шек келтиргени үчүн “кара тизмеге” киргизген.
Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Медведчукка карата украин бийлигинин кадамын “кооптуу маалымат” катары сыпаттаган.
Дагы караңыз
Бишкекте коррупцияга каршы тынч жүрүш болдуПакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын “кара тизмеден” чыгардыКыргыз коому гезит окуу маданиятын унуттуБашкы штаб жоокер Руслан Сапарбаевдин колуна протез сатып беретCOVID-19: 21-февралда оорудан 6 адам көз жумдуБаш мыйзам долбоорундагы карама-каршылыкБишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин дагы эки партия билдирдиCOVID-19 кабарлары: Мексика Кытай менен Орусиянын вакциналарын алууда