Бишкекте коррупцияга каршы тынч жүрүш болду

Коррупцияга каршы тынч жүрүш. 14-февраль, 2021-жыл.

“Баштан башта” кыймылы жана башка бир катар жарандык активисттердин ар жекшемби сайын өтүп келе жаткан тынч жүрүшү бүгүн, 21-февралда да уланды. Анда активисттер коррупцияга каршы, мыйзамдуулукка жана чек ара бүтүндүгүн сактоого чакырган ураандар менен чыгышты.

Жүрүш темир жол бекетинин алдында башталып, борбордук аянтка чейин уланды.

“Баштан башта” кыймылынын өкүлү Улан Үсөйүндүн “Азаттыкка” билдиргени боюнча, жүрүштү жарандык коом уюштурууда.

"Баштан башта" кыймылы демилге кылган тынчтык марштары 2020-жылдын ноябрынан бери ар жекшемби сайын уюштурулуп келе жатат. (ZKo)

Дагы караңыз

Кыргыз коому гезит окуу маданиятын унуттуБашкы штаб жоокер Руслан Сапарбаевдин колуна протез сатып беретCOVID-19: 21-февралда оорудан 6 адам көз жумдуCOVID-19 кабарлары: Мексика Кытай менен Орусиянын вакциналарын алууда Даңазалуу серб ырчысы Балашевич коронавирустун айынан дүйнө салдыНавальный согуш ардагерине байланыштуу жарандык сот ишинде айыптуу деп табылдыЕреванда оппозициянын нааразылык чарасы өттүОрусия Кыргызстанга көчмө лаборатория берет