COVID-19: 21-февралда оорудан 6 адам көз жумду

Коронавирусту аныктоочу лабораторияда. Бишкек. 2020-жыл.

Коронавируска каршы республикалык штабдын 21-февралга карата берген маалыматы боюнча, акыркы суткада оорудан 6 адам каза тапты. Алардын бешөө Бишкекте, бир адам Жалал-Абад облусунда катталды.

Акыркы суткада коронавирустан 66 адам айыкты. Анын ичинен үчөө - медицина кызматкерлери.

Ал эми акыркы суткада оору 54 адам жаңыдан кабылганы лабораториялык жактан тастыкталды. Оору жуктургандардын басымдуусу Чүйдө – 25 адам, Бишкекте – 16 адам. Ысык-Көлдө – 5, Нарында – 3, Ош жана Талас облустарында экиден адам, Баткенде бир киши коронавирус илдетин жуктурган.

21-февралга карта стационарда 396 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен:
8 адам - канааттандыраарлык абалда;
264 адам - орто оордукта;
100 адам - оор абалда;
24 адам - өтө оор абалда.
303 бейтап амбулатордук дарыланууда.

Былтыр март айынан бери Кыргызстанда ооруга 85 888 адам чалдыгып, 82 756 адам сакайды. 1458 адам каза болду. (ZKo)

Дагы караңыз

Баш мыйзам долбоорундагы карама-каршылыкЭне тилин сактагысы келген дунгандарАялды орунсуз тамашалоо жана жылма зомбулукCOVID-19 кабарлары: Мексика Кытай менен Орусиянын вакциналарын алууда Навальный согуш ардагерине байланыштуу жарандык сот ишинде айыптуу деп табылды«Спутник V» вакцинасын Кыргызстанга алып келүү тууралуу сүйлөшүү өттү