Тажикстанда блогерлер 1-апрелге чейин салык бөлүмдөрүнөн каттоодон өтүшү керек. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматына өлкөнүн Салык кызматынан кабарлашкан.
Аталган кызмат өлкөдө 3 миллиондон 19 миллионго чейин катталуучусу бар 29 баракча жана канал боюнча маалымат бар экени, бул жаатта иш алып барган блогерлер соцтармактардан тапкан пайдасынан салык төлөшү керектигин билдирген. Бул талапка баш ийбегендерге мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.
Салыкчылар түзгөн тизмеге Бехруз Зеваров, Рафаел Гулов, Орзу Исоев, Диловар Сафаров, Шабнами Сурайё, Фарзонаи Хуршед, Нигина Амонкулова жана Зулайхо Махмадшоева сыяктуу интернетте таанымал ырчы, блогерлер кирген. Анын ичинен төртөө Салык кызматынан расмий каттоодон өткөнүн жарыялаган.
Тажикстандагы блогерлер интернеттен тапкан пайдасы аз эле экенин жана социалдык тармактагы баракчаларын жабууга аргасыз болуп жатканын айтышууда.
Дагы караңыз
43 беларус чиновнигине визалык санкция салындыСот казакстандык активист Макс Бокаевге бир нече чектөө салдыЭркебаев: Акаевдин шайланышына себепкер болгомЖүздөй жүк ташуучу машине "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде кезек күтүүдө Орусия Таллинге жооп катары эстон дипломатын өлкөдөн чыгардыАКШнын «Персеверанс» жабдыгы Марска конду