Казакстанда ай башында абактан чыккан жарандык активист Макс Бокаевге карата 3 жылдык мөөнөт менен административдик чектөө салынды. Мындай чечимди Атырау соту 18-февралда кабыл алды.
Атырау шаардык полициясы активистке карата 7 чектөө киргизүүнү соттон суранган. Ишти караган судья Бокаевге 4 чектөөнү салуу чечимин чыгарды. Ага ылайык активист жакынкы 3 жылда полициянын уруксатысыз Атыраунын аймагынан чыга албайт. Жашаган үйүнөн түнкү саат 10дон таңкы алтыга чейин чыкпашы керек, коомдук маанилүү маселелерди талкуулай албайт, көчөдө, аянттарда ал боюнча пикирин билдирүүгө тыюу салынат жана полицияга белгиленген мөөнөттө келип турушу керек.
Макс Бокаев бул чектөөлөрдү негизсиз деп, анын үстүнөн апелляциялык арыз берерин билдирди.
Буга чейин 5 жыл абакта жаза өтөгөн 48 жаштагы Макс Бокаев 4-февралда эркиндикке чыккан. Ал 2016-жылдын апрелинде жерди сатууга жана чет элдиктерге ижарага берүүгө каршы митингдер маалында кармалып, “араздашууну тутандырган” деген негизде кесилген болчу.
Бокаев күнөөнү моюнуна албай, бийликтин куугунтугуна кабылганын айтып келет. Ал абактан чыккан соң тарапташтарына кайрылып, 28-февралдан тартып бир ай бою жекшемби сайын Казакстанда реформаларды ишке ашыруу талабы менен элди митингдерди уюштурууга чакырган.
Дагы караңыз
Жүздөй жүк ташуучу машине "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде кезек күтүүдө Орусия Таллинге жооп катары эстон дипломатын өлкөдөн чыгардыАКШнын «Персеверанс» жабдыгы Марска кондуБишкекте жана Кара-Сууда Матраимовдун тарапташтары митингге чыгыштыЖапаров Орусия менен кайчылаш жылды быйыл да улантууну сунуштады