Орусия Таллинге жооп катары эстон дипломатын өлкөдөн чыгарды

Орусиянын Эстониядагы элчилигинин имараты

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Эстониянын Москвадагы элчилигинин кызматкерин өлкөдөн чыгарды.

Мындай чечим жакында эстон өкмөтүнүн орус дипломатын персона нон-грата деп жарыялап, өз аймагынан чыгарганына жооп катары кабыл алынды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова эстон бийлиги орус дипломатына карата “негизсиз чечим” кабыл алганын айткан. Ал маданий жана билим берүү тармагында гана иш алып барган кызматкер болгонуна токтолгон.

Ал эми Эстониянын Тышкы иштер министрлиги орус элчилигинин кызматкерин өлкөдөн чыгаруунун себептерин расмий түшүндүрө элек.

Соңку учурда Орусиянын бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн бир нече дипломатын персона нон-грата деп жарыялады. Ушул айдын башында Москва Кремлдин башкы сынчысы «Алексей Навальныйды колдогон демонстрацияларга катышкан» деген шылтоо менен Германия, Польша жана Швециянын дипломаттарын чыгарган.

Дагы караңыз

АКШнын «Персеверанс» жабдыгы Марска кондуГрек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп жататБишкекте жана Кара-Сууда Матраимовдун тарапташтары митингге чыгыштыАксыда төө куш баккан ишкерАКШ Ирандын "өзөктүк келишими" боюнча сүйлөшүүгө даяр