Кыргызстанда чыккан китептер Беларустун борборунда өтүп жаткан эл аралык китеп жармаңке-көргөзмөсүнө коюлду.
Иш-чара 18-февралда башталып, 21-февралда аяктайт. Бул тууралуу Беларустагы Кыргызстандын элчилиги кабарлады.
Көргөзмөгө Австрия, Азербайжан, Германия, Иран, Казакстан баштаган жыйырма өлкө катышууда. Ага Кыргызстандан "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору, Чыңгыз Айтматов баштаган бир нече авторлордун китептери коюлган.
Кыргыз китептери Көз карандысыз өлкөлөрдүн шериктештигинин отуз жылдыгына арналган "Китеп элди жана өлкөлөрдү бириктирет" аттуу көргөзмөгө да коюлуп, анда мамлекет тууралуу буклет, журналдар таркатылууда. (BCh)
Дагы караңыз
Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна жаңы жетекчи дайындалдыСузакта тамак-аш коопсуздугун текшерчү көчмө лаборатория иштей баштады Жапаров Орусия менен кайчылаш жылды быйыл да улантууну сунуштадыКылмыштуу топтун мүчөлөрүн бийликке жолотпоо сунушталды