Алдап автоунааларды алып кеткен адам Алматыдан кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Алдамчылык жол менен Кыргызстандын бир нече жарандарынын мүлктөрүн, акчасын алып кетип жүргөн Бишкек шаарынын 35 жаштагы тургуну (Б.М.) Казакстандын Алматы шаарында кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Анда айтылгандай, кармалган жаранга байланыштуу бир топ факты аныкталды. Анын ичинде ал 2018-жылы «Toyota Camry» автоунаасынын ээсин 6400 долларга, «Mercedes-Benz E430» автоунаасынын ээсин 3000 долларга алдап кеткен. Ушул эле жылы 13500 долларлык «Honda CR-V», 10000 долларлык «Ford Transit», 4000 долларлык «Nissan Maxima» жана 5900 долларлык «Toyota Camry» машинелерин алдоо жолу менен ээлеп алган. Ал автоунааларды үчүнчү жакка сатып жиберип, пайда таап жүргөн.

Ал мындан сырткары кымбат баадагы телефондорду жана башка буюмдарды да алдап кеткен деп шек саналууда.

Бул фактылардын баары боюнча кезинде кылмыш иштери козголгон, сотко чейинки өндүрүштөр ачылган. Тергөө иштери улантылып жаткан.

Бир нече кылмыш иштерин жасагандан кийин аталган жаран чет мамлекеттердин биринде жашынууну ойлоп, качып кеткен. Ага Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмү издөө жарыялаган. Ал Ички иштер министрлигинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоого алынган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2021-жылдын январь айынын аягында шектүү (Б.М.) Казакстан Республикасынын Алматы шаарынан
кармалды.

Кармоо операциясына Казакстандын Алматы шаарынын Полиция департаментинин Криминалдык милиция башкармалыгынын кызматкерлери менен Кыргызстандын ИИМнин Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тартылган.

Кармалган жаран Б.М. Алматы шаарынын Полиция департаментинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча маселелер чечилип жатат. (ErN)

Дагы караңыз

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна жаңы жетекчи дайындалдыТүркиялык журналдын бир саны жазуучу Султан Раевдин чыгармачылыгына арналды Жапаров Орусия менен кайчылаш жылды быйыл да улантууну сунуштадыӨКМ: Чүйдөгү өрт өчүрүлдүТоктогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд. кубдук чектен төмөн түштү