Сузакта тамак-аш коопсуздугун текшерчү көчмө лаборатория иштей баштады

Көчмө лаборатория

Сузак районунда тамак-аш коопсуздугун сактоо максатында азык-түлүктүн сапатын текшерген лабораториялык автоунаа иштей баштады.

Ветеринардык-санитардык экспертизалык лаборатория автоунаасы жеке менчик "СузакВетЛаб" жоокерчилиги чектелген коому тарабынан 2 миллион 800 миң сомго сатып алынган.

Эми аймактагы соода жайларында жана базарга чыккан эт, сүт азыктарын, жашылча, жер-жемиштердин курамын жана коопсуздугун жеринде аныктоо мүмкүнчүлүгү жаралды.

Мындай лабораториялык автоунаа Жалал-Абад облусуна биринчи жолу келди. Сузак районунун борборунда азык-түлүк саткан майда базарлар жана кичи ашканалар көп. Алардагы тазалыкты райондук санитардык эпидемологиялык борбор көзөмөлдөйт. (TB)

Дагы караңыз

Жапаров Орусия менен кайчылаш жылды быйыл да улантууну сунуштадыКылмыштуу топтун мүчөлөрүн бийликке жолотпоо сунушталдыКумтөр: жаңы комиссия эски чечимдерди кайра карайтБалбан Каныбек Жолчубеков спорттук карьерасы аяктаганын жарыялады Ош жылуулук электр борборундагы коррупция боюнча кылмыш иши козголду