Каракол шаарында милициянын мобилдик топтору ишке киришти

Иллюстрациялык сүрөт

Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилигинин алдында Каракол шаарында милициянын мобилдик топтору түзүлдү.

Бул боюча Ысык-Көл облустук адиминистрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мындан ары шаардын аймагындагы коопсуздукту милициянын беш көчмө тобу көзөмөлдөмөкчү. Мындан тышкары 32 милиция кызматкери шаарды жөө кыдырып, тартипти жөнгө салып турат.

2020-жылы Каракол шаарында коомдук жайларда 154 учур кылмыш жана жоруктар катары каттоого алынган.

Буга чейин коомдук тартипти көзөмөлдөгөн мобилдик топтор Бишкек жана Ош шаарларында ишке киришкен эле. (BCh)

Дагы караңыз

Баш мыйзам: бийлик кандай бөлүштүрүлөт?Коронавирустан үч адам каза болуп, 83 кишиге жукту Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд. кубдук чектен төмөн түштүОрусияда активист Шевченко төрт жылга шарттуу кесилди