Евробиримдик Венгрияга мыйзамды өзгөртүүгө 2 ай берди

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан

Европа Биримдиги Венгрияга четтен каржыланган бейөкмөт уюмдардын булактарын ачыктоону милдеттендирген мыйзамды өзгөртүүгө 2 айлык мөөнөт берди. Буга чейин Европа Биримдигинин соту 2017-жылы кабыл алынган мыйзамда «негизсиз чектөө жана дискриминациялоочу нормалар бар» деп тапкан.

Муну негиз кылган Евробиримдиктин аткаруучу органы Еврокомиссия расмий Будапештке 18-февралда кат жолдоду. Анда буга чейинки соттун жана Еврокомиссиянын чакырыктарын Венгриянын бийлиги аткарбай келгени айтылат. Буга байланыштуу 2 ай ичинде мыйзамды өзгөртүп, бейөкмөт уюмдарды чектөөчү нормаларды жокко чыгарууну талап кылды.

Европа Биримдигине мүчө Венгриянын өкмөтүн оңчул саясатчы Виктор Орбандын “Фидес” партиясы башкарат. 57 жаштагы Виктор Орбан 2010-жылдан бери Венгриядагы бейөкмөт уюмдардын, маалымат каражаттарынын эркиндигин чектеп, бийликти бир колго топтогону үчүн Евробиримдикте катуу сынга алынып келет.

Дагы караңыз

Райымбек Матраимов кайра кармалдыЖурналист Али Токтакунов иликтөө фондун ачты Сооронкулова: Үч партия шаардык кеңешке «Реформанын» атынан чыгат"Ошто көрүстөнгө балдар көп коюлуп жатат" деген маалымат төгүндөлдүТашиев: Эртеңден баштап бир нече чоң чиновник камалат