Оппозиция лидерин камакка алууга каршы чыккан Грузиянын премьери кызматын тапшырды

Георгий Гахария

Грузиянын премьер-министри Георгий Гахария кызматтан кетти. Ал өкмөт башчылыктан кетүүгө арыз жазганын 18-февралдагы брифингде билдирди.

Гахария өз чечимин соттун оппозиция лидери Ники Мелианы камакка алуу тууралуу чечими боюнча бийликтеги команда менен пикири эки ача чыкканы менен түшүндүрдү. Кызматтан кетип жаткан премьердин айтымында, оппозиция лидерин камакка алуу өлкөдөгү жарандардын коопсуздугуна коркунуч келтирет.

"Мен ээлеген кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым. Албетте, бул кадам өлкөнүн саясий айдыңындагы талаш-тартыштарды азайтарына ишенем. Анткени пикир келишпестиктер, талаш-тартыштар биздин өлкөбүздүн келечегине, анын экономикалык жактан өнүгүшүнө, кризистерди жеңип чыгуусуна чоң тобокелчилик жаратат",-деди Георгий Гахардия.

Бир күн мурда Тбилиси шаардык соту айыптоочулардын өтүнүчүн канааттандырып, оппозициядагы "Бирдиктүү улуттук кыймылдын" төрагасы Ники Мелианы камакка алуу чечимин чыгарган.

Ага 2019-жылдын 21-июнуна караган түнү парламент имаратынын алдында өткөн акцияларда зомбулук иштерин уюштурган, жетектеген жана катышкан деген айып тагылууда. Эгер 41 жаштагы Мелиа күнөөлүү деп табылса тогуз жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

46 жаштагы Георгий Гахария 2019-жылдын сентябрь айынан бери грузин өкмөтүн башкарып келаткан. Аны бул кызматка бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы сунуштаган.

Дагы караңыз

Актер Андрей Мягков каза болдуТашиев: Чек ара жоопкерчилиги мендеДепутат Жээнчороев: Жаңы Конституциядагы структура султан Сулаймандын диванына окшоп калганПарламентте Баш мыйзам долбоору талкууландыКоалициялык күчтөрдүн Ооганстандагы келечеги НАТО жыйынында каралууда