Ташиев: Чек ара жоопкерчилиги менде

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолугушууга келген чек арадагы айыл тургундары. 2021-жылдын 18-февралы

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 18-февралда Баткендеги чек арада жайгашкан айыл тургундары менен жолукту.

Жолугушууда ал Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактардагы талаштуу маселелерди чечүүдө бардык жоопкерчилик өз моюнунда экенин айтты.

Ал Тажикстан менен чек араны делимитациялоо иштери март айынын алгачкы он күнүндө, Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр марттын экинчи он күндүгүндө кайрадан жанданат деп билдирди.

"Быйыл чек аранын 150 чакырымы демаркация болот, тикен зым менен тосмолор коюлат. Мурда жылына 15 чакырымдай эле демаркация болуп турган экен. Мен чек арага байланыштуу бардык маселеге жооптуумун", -деди Ташиев.

Камчыбек Ташиев Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушууда (солдон экинчи). 2021-жылдын 18-февралы

Ташиев менен кошо айыл тургундарына жолугушууга өкмөттүн Баткен облусуна жаңы дайындалган ыйгарымдуу өкүл Өмүрбек Суваналиев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев баштаган бир нече өкмөт мүчөлөрү катышууда.

Соңку күндөрү Баткен, Ала-Бука райондорунда коңшу мамлекеттердин жарандары менен жерге байланыштуу чыр-чатактар катталган.

Дагы караңыз Чек ара: Жаңы бийлик эски чырды кантип чечет?

Кыргызстан менен Тажикстандын сүйлөшүүлөрү 2002-жылы башталган, азыр ортодогу чек аранын 60% жакыны такталган. Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 10% жакыны такталды. (JsA/BCh)

Дагы караңыз

УКМК төрагасы Баткендеги чек арадагы айыл тургундары менен жолугуудаЧечилбеген чек ара бийликтин да, элдин да баш оорусуна айландыПрезидент аппаратынын өкүлү жарандар менен чек ара маселесин талкууладыЧек ара: Жаңы бийлик эски чырды кантип чечет?Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча расмий маалымат берилдиӨмүрбек Суваналиев Баткен облусун жетектемей болдуАлабукалыктарды ойго салган чек ара чийиниБаткен акимчилиги: Тажик тарап баштаган көпүрө курулушу токтотулдуСуваналиев: "Садыр Жапаров менен мүдөөбүз бир жерден чыкты"