Шайлоого катышуу үчүн Бишкекте 14 партия, Ошто 5 партия кабарлама берди

Кыргызстанда өткөн шайлоолордун бири (Иллюстрациялык сүрөт).

Бишкек шаардык кеңешине 11-апрелде өтө турган шайлоого катышуу ниетин билдирген саясий партиялардын саны 18-февраль түшкө карата 14кө жетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

Алар:

  1. «Легалайз».
  2. «Ата-Мекен».
  3. «Эмгек».
  4. «Бүтүн Кыргызстан».
  5. «Улуу Журт».
  6. «Ыйман Нуру».
  7. Жашылдар партиясы.
  8. «Социал-демократтар».
  9. «Патриот».
  10. КЭДП (Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы)-НДПК.
  11. «Ата-Журт».
  12. «Бирге-Вместе».
  13. «Свобода выбора».
  14. «Ишеним».

Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуу тууралуу ниетин 5 партия билдиргенин Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев маалымдады.

Алар:

  1. «Тилектештик».
  2. «Ынтымак».
  3. «Бир бол».
  4. «Бүтүн Кыргызстан».
  5. «Ыйман Нуру».

Партиялар шаардык кеңештердин шайлоосуна катышуу боюнча кабарламасын 1-март, түнкү саат 12:00гө чейин бериши шарт.

Бишкек шаардык кеңеши да, Ош шаардык кеңеши да 45 мандаттан турат. Шайлоого саясий партиялар катышып, утуп чыккандары 4 жылдык иштейт.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда кол койгон жарлыкка ылайык Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Былтыр апрелде Кыргызстанда мөөнөтү бүткөн 5 шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болмок. Коронавируска байланыштуу абалдан улам бул өнөктүк убактылуу токтотулган эле. Алар да соңку өнөктүккө кошулуп өткөрүлгөнү жатат. (ErN)

Дагы караңыз

Сооронкулова, Касенов, Абакиров Бишкек шаардык кеңешке бирге аттанышатУКМКнын башчысы Ташиев Германиядан учуп келип, Баткенге баратНовиков ар бир баланын саламаттыгын текшерүүнү талап кылды Картошка, өсүмдүк майы, эт, кумшекер, жумуртка кымбаттады Финполдун мурдагы башчысы Бакир Таиров эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулдуБишкек шаарынын бюджетинде өсүш байкалды