Борбор калаанын 2021-жылга карата бюджети 10 миллиард 230 миллион 993,6 миң сом болот деп болжолдонуп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.
Мекемеден кабарлашкандай, мунун 9 млрд. сомго жакыны салыктык киреше, 1 млрд. сомдон ашыгыраагы салыктык эмес киреше.
Ушул күндөрү жергиликтүү бюджетке байланыштуу шаарда коомдук угуулар өтүп жатат. Ал жыйындарда белгилүү болгондой, коронавируска байланыштуу кризис жайгарылбаса, быйылкы бюджетке 1 млрд. сомдой каражат түшпөй калуу тобокелдиги бар.
Бишкек шаарынын 2020-жылга карата бюджети 10 млрд. 98 млн. сом деп бекитилген. Быйылкы сумма мындан 132 млн. сомго көп. (ErN)
Дагы караңыз
Парламентте Баш мыйзам долбоору талкууландыНовиков ар бир баланын саламаттыгын текшерүүнү талап кылды Президент аппаратынын өкүлү жарандар менен чек ара маселесин талкууладыБеларус: Банкир Бабариконун соту башталды