Орусия террорчул деп эсептеген топтун 19 мүчөсүн кармады

Крымдагы тинтүү. 2021-жылдын 17-февралы

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Түндүк Кавказда террактарды уюштурууга даярданган топтун 19 мүчөсүн кармаганын жарыялады.

17-февралда таратылган маалыматта, атайын операция Ростов облусу, Краснодар крайы, Карачай-Черкес республикасында, ошондой эле, Украинадан аннексияланган Крым жарым аралында жүргүзүлгөн. Кармалгандар «Ат-Такфир ва-ль-Хижра» деп аталган экстремисттик топтун мүчөлөрү болушу мүмкүн. Орус коопсуздук күчтөрү кармалгандардын жанынан курал-жарак, экстремисттик адабияттар табылганын кабарлады.

Ушул эле күнү Крымдагы бир нече крым-татар активисттеринин үйлөрүндө тинтүү жүрүп жатканы белгилүү болду. «Крым тилектештиги» уюму кабарлагандай, Коопсуздук кызматы бул тинтүүлөр терроризм боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүрүп жатканын кабарлаган. Бул тинтүү иштеринин буга чейин жарыяланган террорчул топко байланышы бар же жоктугу ырасмий тактала элек.

2014-жылы Орусия Крымды Украинадан аннексиялап алган соң көптөгөн крым-татар активисттери «Хизб ут-Тахрир» диний кыймылына мүчө катары жоопко тартылган. Бул уюмга Орусияда тыюу салынганы менен Украинада анын ишмердигине чектөө салынган эмес.

Дагы караңыз

Кадыр Досоновго кылмыштуу кирешени адалдоо боюнча жаңы иш ачылды НАТОнун коргоо министрлеринин жыйыны өтөтӨкмөт: Азык-түлүктүн баасы боюнча абал татаалМуфтийликке талапкерлерди каттоо башталды