Жогорку Кеңеште Кумтөр боюнча 12 депутаттан турган комиссия түзүлдү

Кумтөр кениндеги казуу иштери.

Жогорку Кеңеште 17-февралда Кумтөр алтын кенинин ишмердигин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, анын курамына 12 депутат мүчө болду. Комиссияны түзүүнү "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Жыргалбек Турускулов сунуш кылган.

Комиссиянын курамына КСДП фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Айнуру Алтыбаева, Рыскелди Момбеков, Саматбек Ибраев, «Республика – Ата Журттан» Үмбөталы Кыдыралиев, Абдыбек Дүйшалиев, Закир Шарапов, «Кыргызстандан» Урматбек Самаев, Замирбек Эсенаманов, «Өнүгүү Прогресстен» Ныязбек Арзыбаев, «Бир Болдон» Акылбек Жапаров, «Ата Мекенден» Каныбек Иманалиев кирди.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетет. "Кумтөр" ишканасы өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 10% жакынын, өнөр жай өндүрүшүнүн 20% түзөт. Кенде жылына 16-17 тонна алтын казылат. Компаниядагы Кыргызстандын азыркы үлүшү 26% түзөт. Кумтөрдүн айланасында 1990-жылдардан бери эле такай жаңжал орун алып, аны иликтөө максатында бир нече парламенттик жана өкмөттүк комиссия түзүлгөн. (BCh)

Дагы караңыз

Кадыр Досоновго кылмыштуу кирешени адалдоо боюнча жаңы иш ачылды Жамал Сейдакматовадан өчпөс чыйыр калды17-февраль: Бишкек абасы булганыч шаарлардын тизмесине кирген жокМаркум Жамал Сейдакматованын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат