Кадыр Досоновго кылмыштуу кирешени адалдоо боюнча жаңы иш ачылды

Кадыр Досоновго таандык делген үйлөрдүн бири.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Женго" каймана аты менен белгилүү кылмыштуу топтун лидери делген Кадыр Досоновго байланыштуу дагы бир кылмыш ишин ачты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 17-февралда билдирүү таркатты.

Досоновго карата Жазык кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүмү "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" боюнча иликтөө жүрүп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Буга чейин эч жерде иштебеген, ишкердик менен алектенбеген Досоновго байланыштуу адамдарга катталган 19 автоунаа, 15 турак жай, 35 жер тилкеси аныкталды. Досоновдун мындан тышкары курулуш компанияларын ири өлчөмдө каржылоо фактыларынын бети ачылды.

Досоновго таандык делген зер буюмдар

11-февралда УКМК уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча атайын операциясынын жыйынтыгында "Женго" каймана аты бар, өлкөнүн түштүк аймагын "көзөмөлдөгөн кримтөбөл" деген Кадыр Досонов кармалганын маалымдаган.

Ал Ош шаарынан кармалып, Бишкекке алып келинди жана атайын кызматтын убактылуу камак жайына киргизилип, Биринчи май райондук соту Досоновду 8-апрелге чейин УКМК тергөө изоляторунда камакта болсун деген чечим чыгарган. (BCh)

Дагы караңыз

Жамал Сейдакматовадан өчпөс чыйыр калды17-февраль: Бишкек абасы булганыч шаарлардын тизмесине кирген жокМаркум Жамал Сейдакматованын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлатБишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин дагы үч партия билдирдиӨкмөт машинанын катализаторун сыртка ташууга тыюу салууну сунуш кылды