Кыргызстанда 16-февралга карата 2 144 мектепте окуучулар класстын ичинде окуп жатат.
Ысык-Көл, Баткен, Нарын, Талас облустарында жана Ош шаарында 1-класстан 11-класска чейин окуучулардын бардыгы мектепке барып билим алышууда.
Ош, Чүй, Жалал-Абад облустары менен Бишкек шаарында окуучулар толугу менен окууга бара элек. Айрым аймактарда 1, 5, 9, 11-класстардын окуучулары мектептен окуп жатат.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда мектептер жана бала бакчалар 2020-жылдын март айынан тартып, карантинге жабылган. Мектептер 4-чейректи аралыктан окуу менен аяктап, быйылкы жаңы окуу жылын да аралыктан окуу менен уланткан.
Экинчи чейректен тартып айрым жашыл аймактагы мектептерге 1,5,9,11-класстарга салттуу түрдө окутууга уруксат бериле баштаган.
Саламаттык сактоо министрлигинин эсеби боюнча 16-февралга карата коронавирус пандемиясы башталган былтыркы жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары 1 444 кишиге жетти.
Оору жуккандардын жалпы саны - 85 564 адам. 82 391 киши оорудан айыкты. (BTo)
Дагы караңыз
Эки миллионердин чиеленишкен иштериСуваналиев: "Садыр Жапаров менен мүдөөбүз бир жерден чыкты"Конституциянын долбоору: юристтердин сунушу