17-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 16…21;
Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 16…21;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 4…9;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -24…-29, күндүз -2…-7 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 19…21 градус болот.