БШК: Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна 425 миллион сом сарпталат

Иллюстрациялык сүрөт.

11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоону каржылоого бюджеттен 425 миллион сом өлчөмүндөгү акча коротулат. Бул тууралуу 16-февралда “Азаттык” радиосуна Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, чыгымдар сметасы дүйшөмбү күнү Боршайкомдун кезектеги отурумунда бекитилди:

“425 миллион сом өлчөмүндө бекитилди. Жер-жерлердеги добуш берүү тилкелерин даярдоого, тизмелерди чыгарып, бюллетендерди, иш сапарларды каржылоого кете турган акча ушул сумманы түздү”.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт.

Былтыр апрелде Кыргызстанда беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болмок. Бирок коронавируска байланыштуу абалдан улам бул өнөктүк убактылуу токтотулган.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. (RK)

Дагы караңыз

Үсөнбаев: COVID-19 боюнча абал туруктуу, бирок режимди сакташ керекӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиКыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөт аралык жыйын март айынын башына пландалуудаКоронавирустан эки адам каза болуп, 48 кишиге жаңы жуктуУКМК: Нарында Эсеп палатасынын инспектору кармалдыКыргыз экономикасы: жыл төмөндөө менен башталдыБажыдагы коррупция: Дагы эки адамга өкүм чыкканы белгилүү болду Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматова көз жумдуМиграция: депутаттын талаштуу сунушу