Кыргызстан | Жаңылыктар (15.02.2021) "Бүгүн Азаттыкта"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бажыдагы коррупцияга айыпталган Райымбек Матраимовдун өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарып кеткени боюнча тергөө уланууда. Анын чет өлкөлөрдөгү мүлкү текшерилип жатат. Жекшембиде жүрүшкө чыккандар бажыдагы коррупциялык схеманы толук иликтөөнү талап кылышты. Бишкекте чек ара көйгөйлөрүн көтөргөн акция өттү. Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп барды. Казакстан Карагандыда өндүрүлгөн "Sputnik V" вакцинасын расмий каттоодон өткөрдү. Коңшу өлкө 1-февралдан тартып орус вакцинасы менен эмдөөнү баштаган эле.