Казакстан Карагандыда өндүрүлгөн "Sputnik V" вакцинасын колдоно баштайт

Казакстан Карагандыда өндүрүлгөн коронавируска каршы орусиялык "Sputnik V" вакцинасын расмий каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөш боюнча мекеме аралык комиссия кабарлады.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 13-февралда вакцинанын коопсуздугун, сапатын жана эффективдүүлүгүн текшерип, андан соң жактырган. Бирок бул өлкө препаратты каттаганга чейин эле 1-февралдан тартып орус вакцинасы менен эмдөөнү баштаган эле. Эми болсо Казакстан өз аймагында "Sputnik V" вакцинасын колдонууга расмий уруксат берген 27-өлкө болуп калды.

Казакстандын аймагында орус вакцинасын “Караганды фармацевтикалык комплекси” өндүрүүдө. Бул ишкана өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кудасы Кайрат Боранбаевге таандык экени айтылган. Боранбаев “Азаттыктын” казак кызматындагы маегинде бул долбоордон пайда табууну көздөбөй турганын билдирген эле.

Учурда "Sputnik V" вакцинасын Орусиядан тышкары Беларус, Аргентина, Сербия, Алжир, Венгрия, Иран сыяктуу өлкөлөр да колдонууда.