Назарбаевдин кудасы байлыгы жөнүндө айтып берди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кудасы, казакстандык миллионер Кайрат Боранбаев анын фармацевтикалык компаниясы тууралуу иликтөө чыккандан кийин "Азаттык" радиосунун казак кызматынын кабарчысын башка журналисттер менен бирге заводго чакырды. Ал бул ирет вакцинасы үчүн бюджеттен алына турган акча, бизнеси, чет өлкөдөгү виллалары жөнүндө кеп курду. Ошондой эле Боранбаев интервью маалында анын бизнесине кудалыктын тийгизген таасирине да токтолду.