“Кыргызкөмүр” ишканасы Кара-Кече кенинен Бишкектин Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көмүр ташыган айдоочуларды көмүр кесимине кезексиз өткөргөн күзөт кызматкерлери боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу 15-февралда “Азаттык” радиосуна ишкананын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.
Анын айтымында, кезек күтүү тартип жана коопсуздук үчүн орчундуу маселе болуп эсептелет, бирок, ошого карабастан 15-январга караган түнү иштеген беш күзөтчү 25 автомашинаны “билип туруп кезексиз өткөрүп жиберген”:
“Себеби көмүр ташыган айдоочулар ал жакта суткалап күтүшөт. Бирок, айта кетсек, буга чейин айдоочулар айлап күткөн учурлар катталган болсо, азыр үч-төрт күн күтүшөт. Кээде кезек күтүүнүн айынан ич ара пикир келишпестик, чыр-чатак чыгып кетет. Ошондой көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн чара көрүлүүдө”.
Күзөт кызматкерлеринин күнөөсү далилденсе аларга чара көрүлөрү, зарыл болсо иштен алынары айтылды.
Бишкек ЖЭБи Казакстандын жана Нарындагы Кара-Кече кенинин көмүрү менен камсыздалат. Кара-Кечеден көмүрдү ЖЭБ менен келишимдин негизинде иштеген жеке ишканалардын айдоочулары ташыйт. (RK)