Чүйдө аскердик бөлүктүн аймагында жер көчтү

Жер көчкү жүргөн жер. Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө аскердик бөлүктүн аймагында жер көчкү жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 15-февралда кабарлагандай, Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагындагы №10127 аскердик бөлүктүн аймагына жекшемби күнү болжол менен 600 м3 жер көчкү түшкөн.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бүгүн окуя болгон жерде тактоо иштери уланууда. Бөлүктүн аскерлери нөөмөттө турушат. (RK)