Кыргызстанда өткөн жылы жол кырсыгынан 754 адам каза болгон

Кыргызстандагы жол кырсыктарынын бири. Архив.

Кыргызстанда 2020-жылы 6 126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болсо, 9 227 адам жаракат алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрликтин маалыматына ылайык, жол кырсыктары айрыкча Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында катталууда. Статистика боюнча жол кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу 8,1% төмөндөгөн. Бирок каза болгондор азайган эмес.

Акыркы 4-5 жылдан бери Кыргызстанда жол кырсыгынан 700-800гө жакын адам каза болууда. Адистер айдоочулардын ылдамдык эрежелерин сактабай жатканы кырсыктарга себеп болгонун айтышат. (TSh)

Дагы караңыз

Европа Кеңеши Навальныйдын орус бийлигине каршы арызын кабыл алдыЖапонияда жер титирөөдөн кеминде 150 адам жабыркадыТаласта жаштардын калайман мушташынын себеби иликтенүүдө