Европа Кеңеши Навальныйдын орус бийлигине каршы арызын кабыл алды

Алексей Навальный сот залында.

Европа Кеңешинин Министрлер комитети орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын арызын кабыл алды. Саясатчы өз арызында Москва Европанын Адам укуктары боюнча сотунун чечимин аткарбай жатканына арызданган жана орус бийлигинин ага карата куугунтугун токтотуусун талап кылууну өтүнгөн.

Арызда ошондой эле 2014-жылы аны “алдамчылык” беренеси боюнча соттоо куугунтук кылууга жол ачканы белгиленди.

Январь айынын этегинде Орусиянын шаарларында Навальныйды колдогон жапырт нааразылык иш-чаралары өткөрүлүп, миңдеген катышуучулар камакка алынган.

2-февралда сот Навальный мурунку шарттуу жазанын талаптарын аткарган жок деп аны 3,5 жылга эркинен ажыраткан.

Батыш өлкөлөрү орус бийлигинин Навальный боюнча чечимдерин айыптап, кескин сынга алып жатышат.

Орус бийлиги оппозициячыл саясатчыга куугунтук жүрүп жатканын четке кагууда. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Навальный түрмөгө кесилгени тууралуу маалымат боюнча «Кремль сот өкүмдөрүн талкууга албайт» деп билдирген жана күч кызматкерлери көчөгө нааразылыгын билдирип чыккандарга катаал чара көрүп, жапырт кармаганын «жөндүү» деп эсептей турганын айткан. (RK)