Газдын баасы бир аз жогорулады

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жаратылыш газынын улуттук валюта менен эсептеген баасы бир аз жогорулады. «Газпром Кыргызстан» ишканасынын маалыматына караганда, февраль айына бир куб метр газ калктын керектөөсү үчүн 18,06 тыйын деп белгиленди.

Январь айындагы тарифке салыштырганда кымбаттоо 0,21 сомду түздү. Калк үчүн тариф январда 17,84 сом болчу.

«Газпром Кыргызстан» толугу менен Орусиянын «Газпром» компаниясына таандык ишкана. Ал Кыргызстандын ички рыногун жаратылыш газы менен камсыз кылат. Мындан тышкары Кыргызстанга газ тартып келүү боюнча 2030-жылга чейин эсептелген планын ишке ашырып келет. (RK)

Дагы караңыз

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Бирмада кармалгандарды бошотууга чакырдыБишкек сотунун кулпуларын сындырып кирүүгө шектүү адам Ошто кармалдыТажикстандагы жер титирөө Ошто жана Баткенде 4-4,5 балл болуп сезилдиБаш мыйзамдын долбоорундагы талашФинпол жана Жаза аткаруу кызматы министрликтердин карамагына өттү