13-февралга караган түнү Тажикстанда болгон жер титирөө Кыргызстандын да чектеш аймактарында сезилди.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдиргендей, 12-февралда саат 23:00 чамасында Тажикстандын аймагында күчү болжол менен 6,5 баллга жеткен жер титирөө болду.
Жердин титиреши Кыргызстандын Ош облусунун аймагында 4,5 баллга, Баткен облусунда төрт баллга чейин сезилди.
Баштапкы маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Жер титирөөнүн очогу Тажикстандын Мургаб районунда болду. Бул район өлкөнүн борбор шаары Дүйшөмбүдөн 700 чакырым аралыкта жайгашкан. Адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок.(RK)
Дагы караңыз
Баш мыйзамдын долбоорундагы талашФинпол жана Жаза аткаруу кызматы министрликтердин карамагына өттүВенгрия «Спутник-V» вакцинасы менен эмдөө өнөктүгүн баштадыРоналду дүйнөдө алгачкы болуп социалдык тармактарда эң көп катталуучу топтой алдыӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиСот муфтияттын башкы эсепчисин эки айга камакта калтырдыБелекке китеп тартуулоо күнү Бишкекте жана Ошто белгиленет УКМК төрагасы Ташиев Германияда жүрөгүнөн операция болду