"ПолитКлиника" басылмасы "Азаттык" радиосунун атайын сыйлыгына татыды

«2020-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү» сынагына катышкан "ПолитКлиника" басылмасы бул конкурстун жана "Азаттык" радиосунун атайын сыйлыгына ээ болду.

Конкурстун жеңүүчүлөрүн жарыялоо аземи бүгүн, 12-февралда Бишкекте болду.

"ПолитКлиника" бул конкурста "Коронавирустан акча жасап: Жөнөкөй маска 25 сом, коргонуучу кийим 6000 сомдон алынган" деген темадагы иликтөөсү үчүн атайын сыйлыкка ээ болду.

Иликтөө 2020-жылы коронавирус оорусу күчөп турган 1-июлда жарыяланып, коомчулуктун кызуу талкуусуна алынган. Анда вирустан коргоочу беткап, жасалма дем алдыруучу (ИВЛ) аппараттардын кымбаттап кетишинин артындагы коррупциялык схемалар фактылар менен көрсөтүлгөн.

Дагы караңыз Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык тапшырылды


Бул сыйлык 3-ирет тапшырылып жатат. 2020-жылы сынакка жалпы 40 эмгек келип түшкөн.

Уланбек Эгизбаев көзү тирүү болгондо быйыл 12-февралда 31 жашка чыкмак.

«Азаттык» радиосунун таланттуу иликтөөчү кабарчысы Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. (BCh)

Дагы караңыз

“Социал-демократтар” партиясын Темирлан Султанбеков жетектейт«Хьюман Райтс Уотч» өзбек блогери Сатторинин камалышын айыптадыИликтөө-2020: Уландан уланган жол… Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык тапшырылдыФинпол: Аалымдар кеңешинин муфтият боюнча арызы декабрда келип түшкөн