Түркмөн президенти уулун вице-премьерликке дайындады

Сердар Бердымухамедов. 2018-жылдын 19-майы

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 39 жаштагы уулун вице-премьерликке жана Жогорку көзөмөл палатасынын төрагалыгына дайындады. Бул палата каржы-экономикалык маселелерди көзөмөлдөйт. Ошондой эле президент уулу Сердарды мамлекеттик коопсуздук кеңешинин курамына киргизди.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлагандай, Сердар Бердымухамедовду Жогорку көзөмөл палатасынын төрагалыгына дайындаардан мурда аталган мекеменин имаратында оңдоп-түздөө иштери жүргөн. Маалым болгондой ал жакта президенттин уулу эс ала турган терраса курулуп, коңшу жайгашкан карапайым тургундардын турак-жайларын сырдап чыгышкан. Ошондой эле ал үйлөрдүн тургундарына короого машинелерин токтотууга тыюу салынды.

Сердар Бердымухамедовдун саясий карьерасы 2016-жылы башталган. Алгач ал парламент депутаты болуп шайланган. Былтыртан бери ал Өнөр-жай жана курулуш министрлигин жетектеп келген.

Түркмөнстандын маалымат каражаттарында президенттин уулун "элдин уулу" деп аташат. Сердар көп ирет эл аралык жолугушууларга атасынын ордуна барган.

Дагы караңыз

Түркмөн президенти 815 кишиге ырайым бердиТүркмөн президенти ЖМКны сындап, өкмөттө өзгөртүү болорун эскерттиТүркмөнстанда инфекциялык илдеттен дарыланбагандар жазаланат Бердымухамедов түркмөндөрдүн руханий дүйнөсү тууралуу китеп жазды Бердымухамедов түркмөн улуттук мессенжерин түзүүнү сунуштады Бердымухамедов Жеңиштин 75 жылдыгына арнап ыр жазды