Ош шаарында окуучуну бычактап өлтүрүүгө шек саналган 17 жаштагы (К. уулу А.) өспүрүм жана окуя болгон учурда анын жанында болгон эки шериги кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматында, шектүү кармалган учурда жанында кастет (урууга ыңгайлашкан темир буюм) болгон. Ал жасаган күнөөсүн моюнуна алып, сурак берүүдө.
Шектүү бул оор кылмышка жабыр тарткан балдар менен айтыша кеткени үчүн барганын айткан. Каршылашын жанында салып жүргөн бүктөмө бычагы менен сайып жиберген.
Кылмышка шектүү өспүрүм Ош облусунун Алай районунда туулган, соңку мезгилде Бишкекте жашап жүргөн.
Кечээ, 11-февралда түш чендерде экинчи борбор калаадагы өспүрүмдөрдүн мушташында Оштогу Нариман мектебинин 9-классынын окуучусу бычактан оор жараат алган. Ал ооруканага жеткирилип, операция жасалгыча кансырап каза тапкан. Анын жанында жүргөн Юридикалык коллеждин студенти да жабыр тартып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. (ErN)
Дагы караңыз
Президент конституциялык референдумду 11-апрелде өткөрүүнү сунуш кылдыМаксатбек Токтомушев сот залынан бошотулдуМатраимов күнөөсүн моюнуна алды, жазадан кутулду (видео)Матраимов иши: Эркиндиктин баасы 260 миң сомМурдагы муфтий тилкат менен бошотулдуАКШ Сенатындагы Трампка каршы импичмент соту демократтардын жүйөлөрүн укту